|
Кесиптик жогорку мектебибиздин расмий веб сайтына кирген көрүүчүлөрдүн саны 2020-жылында 604.237 кишиге жетти. Америка жана Россия баш болгон дүйнөнүн ар тарабынан сайтыбызга кирип каралган 31.12.2020 жылдан берки статистикалык маалыматтары берилди. |
![]() |
2020-жылдын 20-ноябрында “Dan Agro” фирмасынын негиздөөчүсү, мүдүрү Улан Ниязалиев тарабынан Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы, Мектепке чейинки балдарга билим берүү, Бухгалтердик эсеп, Маркетинг, Туризм жана мейманкана иштеттүү программаларынын студенттери үчүн “Кыргызстандагы ишкердүүлүк” аттуу онлайн семинар өткөрүлдү. Семинарда Улан Ниязалиев Кыргызстандагы ишкердүүлүктүн абалы тууралуу студенттерге кеңири маалымат берип өттү. |
![]() |
2020-жылдын 20-ноябрында Маркетинг группасынын 2-курс студенттери тарабынан өндүрүштүк практика сабагынын алкагында "Бизнес-идеялары" боюнча семинар уюштурулду. Семинарга спикер катары чакырылган "Bars International" фирмасынын директору Кыялбек Дыйканов катышты. |
![]() |
Бишкек шаардык оратордук чеберчилик жана лидерлик мектебинин тренери, коуч Турсунова Эльмира Абасовна тарабынан 30- октябрда “Эл алдында сүйлөө чеберчилиги жана инсандык өнүгүү” семинары өткөрүлдү. Семинарда оратордук чеберчиликти өнүктүрүү жолдорун, ар кандай машыгуу-көнүгүүлөрүн жана лидердик сапатты калыптандыруучу көндүмдөр боюнча кызыктуу маек куруп берди. |
![]() | Today | 46 |
![]() | Yesterday | 224 |
![]() | This Week | 46 |
![]() | This Month | 46 |
![]() | All Days | 18392 |