![]() |
2020-жылдын 2-октябрында өндүруштүк практика сабагына байланыштуу Офис менеджмент, Мектепке чейинки билим берүү, Бухгалтердик эсеп, Маркетинг жана Туризм жана мейманкана иштеттүү программаларынын студенттери үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын профессору, п.и.д. Кыргызбай Добаев тарабынан “21 кылымдын көндүмдөрү” аттуу онлайн семинар өткөрүлдү. |
![]() |
Жогоркумектебибиз 2019-2020 окуужылында 2- академиялык жалпы жыйынын 22-июнда онлайн түрүндө ишке ашырдык. Ректорубуз профессор доктор Себахаттин Балжы жана ректордун жардамчысы профессор доктор Анвар Мокеевдин катышуусу менен ишке ашырылган жыйынга кесиптик жогорку мектебибиздин кызматкерлери толук катышышты. |
![]() |
Жаңы ачылган программалардын бири болгон Ширетүү өндүрүшү жана Жыгач иштетүүнун технологиясы, эмерек дизайны жана конструкциялоо программаларынын даярдоо курсундагы студенттерибиздин мотивациясын жогорулатуу жана программаларыбыз жөнүндө кененирээк маалымат берүү максатында биздин жогорку мектеп 2020-жылдын 18-июнунда онлайн жолугушуу өткөрдү. |
![]() |
Бүткүл дүйнөнү каптап Кыргызстанга да жайылган Ковид-19 пандемиясынан улам биздин университет 2020-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана университеттин окумуштуулар кеңешинин чечимименен дистанттык билим берүүнү баштады. |
![]() |
“Манас” университетинин Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш программасынын 1- жана 2-курсунун студенттери 2020-жылдын 6-март күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан 500 орундуу орто мектептин курулушу менен таанышышты. Курулушту аткарууну “Универсал Техно Лайн” жоопкерчилиги чектелген курулуш уюму Кыргыз Республикасынын Курулуш агенттиги жарыялаган ачык тендерде жеңип алып, ишке ашырууда. Курулуштун жалпы наркы 123 миллион сом, тендердик наркы – 91,6 миллион. Курулуштун өзгөчөлүгү болуп, анын пайдубалынын чөкмө кыртыштарда тургузулуусунда. Имараттын алдына темир бетондон калыңдыгы 220 мм болгон туташ байтүп куюлган, анын үстүнө түркүк алдындагы пайдубалдар көтөрүлүүдө. |
![]() | Today | 378 |
![]() | Yesterday | 559 |
![]() | This Week | 937 |
![]() | This Month | 6019 |
![]() | All Days | 33035 |