Vinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo SliderVinaora Nivo Slider
  “Манас” университетинин Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш программасынын 1- жана 2-курсунун студенттери 2020-жылдын 6-март күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан 500 орундуу орто мектептин курулушу менен таанышышты. Курулушту аткарууну “Универсал Техно Лайн” жоопкерчилиги чектелген курулуш уюму Кыргыз Республикасынын Курулуш агенттиги жарыялаган ачык тендерде жеңип алып, ишке ашырууда. Курулуштун жалпы наркы 123 миллион сом, тендердик наркы – 91,6 миллион. Курулуштун өзгөчөлүгү болуп, анын пайдубалынын чөкмө кыртыштарда тургузулуусунда. Имараттын алдына темир бетондон калыңдыгы 220 мм болгон туташ байтүп куюлган, анын үстүнө түркүк алдындагы пайдубалдар көтөрүлүүдө.

Студенттер курулуш аянтын уюштуруу, курулуштун долбоору, курулуш өндүрүшүн уюштурууда колдонулуучу документтерди жүргүзүү, пайдубалдын конструктивдик элементтеринин каркастарын даярдоо, каркастарга колдонулуучу арматуралардын түрлөрү, аларды каркастык буюмдарга бириктирүү ыкмалары, жер үстүнө окторду чыгаруу, аларга карата пайдубалдарды байлаштыруу, бетон куюу үчүн калыптарды орнотуу, арматуралардын бетон менен корголушун камсыз кылуу, алдын ала чыңалган темир бетон калкалары менен таанышуу маселелерине күбө боло алышты. Студенттер таанышуу учурунда пайда болгон көптөгөн суроолорго жооп да алышты. Бул курулуштун кийинки этаптарында да алар менен таанышуу улантылмакчы.

Кийинки кошуу

Нет событий
Июль 2020
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31

Ziyaretçi Sayımız

388238
TodayToday1501
YesterdayYesterday2084
This WeekThis Week12269
This MonthThis Month19983
All DaysAll Days388238
JSN Mico is designed by JoomlaShine.com