“Манас” университетинин Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш программасынын 1- жана 2-курсунун студенттери 2020-жылдын 6-март күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан 500 орундуу орто мектептин курулушу менен таанышышты. Курулушту аткарууну “Универсал Техно Лайн” жоопкерчилиги чектелген курулуш уюму Кыргыз Республикасынын Курулуш агенттиги жарыялаган ачык тендерде жеңип алып, ишке ашырууда. Курулуштун жалпы наркы 123 миллион сом, тендердик наркы – 91,6 миллион. Курулуштун өзгөчөлүгү болуп, анын пайдубалынын чөкмө кыртыштарда тургузулуусунда. Имараттын алдына темир бетондон калыңдыгы 220 мм болгон туташ байтүп куюлган, анын үстүнө түркүк алдындагы пайдубалдар көтөрүлүүдө.

 

  Үстүбүздөгү 2020-жылдын 17-28 февралында техникалык жана билим берүү багытында кызматташтыктын алкагында Түрк кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (ТИКА) демилгеси менен Бишкекте «3D моделдөө жана анимация», «график-долбоорлоо» боюнча кесиптик билимди жогорулатуу курсу уюштурулган. Аталган курска биздин кесиптик жогорку мектептин мугалими Адилет Жаныбеков катышып, сертификатка ээ болду. Сертификаттарды тапшыруу аземине жогорку мектебибиздин мүдүрүнүн орун басары и.к., доцент Гүлмира Ажыгулова катышты.

 

Окуу жайыбыздын мүдүрү ага окутуучу Phd. Махмут Вурал “доц. м.а.” наамына, техникалык программалар бөлүм башчылык кызматын аркалаган мугалимибиз Phd. Абдуллах Эрдал Түмер болсо “доцент” наамына ээ болду.

Бул шылтоо менен окуу жайыбыздын кызматкерлери тарабынан агайларыбыздын жаңы наамдары үчүн куттуктоо программасы уюштурулду. Жаңы наамдары куттуу болсун деп тилешип, мындан аркы илим жолунда да агайларыбызга ийгиликтерди жана каалоо тилектерди айтышты.

 

Окуу жайыбыздын мүдүрүнүн атынан мүдүр жардамчысы ага окутуучу Phd. Серхат Атмажа менен Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмерек дизайны жана конструкциялоо программасынын башчысы ага окутуучу Мустафа Өжалдын көп жылдан бери Кыргызстанда иштеп жаткан “Yashar” фирмасында тармактык иш сапарында болуп келишти.

 

 

Окуу жайыбыздын техникалык программалар бөлүм башчысы доцент Абдуллах Эрдал Түмердин демилгеси менен 2020-жылдын 30-январында STEM  (Science, Technology, Engineering and Mathematic-Илим, Технология, Инженерия жана Математика) иш-чарасы уюштурулду.

 

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com