Окуу жайыбыздын мүдүрү ага окутуучу Phd. Махмут Вурал “доц. м.а.” наамына, техникалык программалар бөлүм башчылык кызматын аркалаган мугалимибиз Phd. Абдуллах Эрдал Түмер болсо “доцент” наамына ээ болду.

Бул шылтоо менен окуу жайыбыздын кызматкерлери тарабынан агайларыбыздын жаңы наамдары үчүн куттуктоо программасы уюштурулду. Жаңы наамдары куттуу болсун деп тилешип, мындан аркы илим жолунда да агайларыбызга ийгиликтерди жана каалоо тилектерди айтышты.

 

Окуу жайыбыздын мүдүрүнүн атынан мүдүр жардамчысы ага окутуучу Phd. Серхат Атмажа менен Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмерек дизайны жана конструкциялоо программасынын башчысы ага окутуучу Мустафа Өжалдын көп жылдан бери Кыргызстанда иштеп жаткан “Yashar” фирмасында тармактык иш сапарында болуп келишти.

 

 

Окуу жайыбыздын техникалык программалар бөлүм башчысы доцент Абдуллах Эрдал Түмердин демилгеси менен 2020-жылдын 30-январында STEM  (Science, Technology, Engineering and Mathematic-Илим, Технология, Инженерия жана Математика) иш-чарасы уюштурулду.

 

 

2020-жылдын 20-24 январында университетибизге И. Арабаев атындагы мамлекеттик университеттинин  кесиптик билим берүү жана өнүктүрүү институту тарабынан мугалимдерибизге карата 36 сааттык “Педагогикалык квалификациясын жогорулатуу” сертификат курсу өткөрүлдү.

Бул сертификат курсуна окуу жайыбыздын окутуучуларындан ага окутуучу Phd. Серхат Атмажа, ага окутуучу Убейдуллах Шенер, ага окутуучу Рашит Йылмаз жана ага окутуучу Мехмет Рүштү Чифтчи катышып сертификаттарын алып келишти.

 

18декабрь 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорунун орун басары, техника илимдеринин кандидаты, доцент Кенжетаев Камчыбек Исмаиловичтин катышуусу менен Курулуш программасынын 1- жана 2-курсунун студенттеринин семинары болуп өттү. 

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com