2013-жылдын 18-декабрында  университетибиздин студенттеринин ишкердүүлүк боюнча ой-пикирлерин колдоо максатында  “ Кыргызстанда Е-Соода тармагында ишкердүүлүктүн өнүктурулүшү” аттуу семинары КТМУ Кесиптик жогорку мектебинин окутуучулары жана Бухгалтердик эсеп жана салык салуу менен Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы программаларынын студенттери тарабынан уюштурулду.

 

2013-жылдын 18-декабырында Т. Р. Бишкектеги башталгыч билим берүүчү лицейдин класс жетекчилери тарабынан уюштурулган жергиликтүү тамак аш-буюмдарды жасоо жумалыгын куттуктоо салтанатына, окуу жайыбыздын окутуучулары дагы барып катышып келишти.


Бул салтанатта башталгыч класстардын окучуулары тарабынан, Түрк ашканасынын бирбиринен өткөн эң сонун таттуу камырдын жана татуу токочтун түрлөрүн көргөзмөгө алып чыгышты.

   

Кесиптик жогорку мектебибиздин “ Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы, Курулуш технологиясы, Бухгалтердик эсеп жана салык салуу, Автоунааларды тейлөө жана оңдоо, мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо, Маркетинг, Туризм жана мейманкана иштетүү программаларындагы студенттерге “Студенттерди өнүктүрүү борбору” тарабынан 2013-жылдын 20-декабрында семинар өткөрүлдү.

  2013-жылдын 04-декабрында Кесиптик жогорку мектебибиздин 2-курстагы студенттердин “Айлана-чөйрөнү  коргоо” сабагынан  “Бишкек суу тазартуучу курулушуна” практикалык турдө  бышыктоо жана билим берүү максатында бир экскурсия жасалды.

  2013-жылдын 31-октябрында Бейшемби куну саат 11:00.де урматтуу ректорубуз проф.док. Себахаттин Балсы, проф.док. Асылбек Кулмырзаев, проф.док. Анвар Мокеевтин катышуусу менен 2013-2014 окуу жылынын кузгү семестринде Акедемиялык жыйын ишке ашырылды.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com