2019-жылдын 18-октябрында Кесиптик жогорку мектебибиздин курулуш программасынын 2 курсунун студенттери Курулуш программасынын координатору Др. Гүлмира Ажыгулованын уюштуруусу менен Кегети өрөөнүнө экскурсияга барып келишти. Экскурсиянын негизинде Кыргызстандын жерлеринин кооздугуна жана жерибизди экологиялык жактан сактоонун маанилүүлүгүнө жыйынтык чыкты.

  2019-жылдын 10-октябрында Маркетинг программасынын башчылары тарабынан уюштурулган ориентация  иш-чарасында 1-курстун студенттерине карата баарлашуу өткөрүлүп, университеттибиздин берип жаткан мүмкүнчүлүктөрү жана окуу жайыбыз жөнүндө маалыматтар берилди. Окутуучуларыбыз менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болу менен бирге жылуу бир чөйрөдө ориентация иш-чарасы чай ичүү жана сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

2019-жылдын 10-октябрында Курулуш программасынын координатору Д-р. К.Бактыгуловдун жана студенттердин даанышманы Д-р. Г.Ажыгулованын демилгеси менен Курулуш программасында билим алып жаткан 1- жана 2-курстун студенттери Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде уюштурулган “Namaskar Eurasia 2019” көргөзмөсүнө катышты.

“Намаскар Евразия 2019” көргөзмөсүндө элүүдөн ашык Индиялык ири компаниялардын продукциялары коюлду. Көргөзмөнүн негизги тармактары болуп, айыл  чарба жана тамак-аш өнөр жайларындагы техникалар, технологиялар,  автоунаалардын тетиктери, курулуш материалдары жана аскер техникасы  көргөзүлдү.

Курулуш программасынын студенттери үчүн жаңы техника, технологиялар, материалдар, тетиктер менен таанышуу  кызыктуу болуп, бул иш-чара  маанилүү болду.

 

2019 жылдын 8-октябрында др. Гулмира Ажыгулованын демилгеси менен Курулуш программасынын экинчи курсунун окуучулары биринчи курстун окуучуларына таанышуу семинарын өткөрдү. Бул семинарда экинчи курстун окуучулары окуу жайыбыз жөнүндө, окуу жайында студенттерибиздин маданиятту жүрүш-турушун, дарсканалардагы тазалыкты, окуу жайыбыздагы кызыктуу программалар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ошондой эле жайкы мезгилде стажды өтүүдө кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, он-лайн сабактарга даярдык көрүү жөнүндөгү дагы маалыматтарды кошумчалашты.

Биринчи курстун окуучулары тарабынан көп суроолор берилиди. Алар үчүн бул семинар өтө маанилүү болду.

 

 

2017-жылы жогорку мектебибизди бүтүрүп кеткен туризм жана мейманкана иштеттүү программасынын бүтүрүүчүсү катары Туркиядагы Кастамону университетинин туризм факультетине которулуп бул жылы бүтүргөн Аскар Адилов жана Бекжан Молдошев 2019-жылдын 5-октябрында жогорку мектебибизге жолугушууга келип студенттерге өздөрүнүн тажрыйбалары жөнүндө ой бөлүштү.

Бүтүрүүчүлөрүбүз, окуу жайыбыздын туризм жана мейманкана иштетүү программасында окуп жаткан студенттерибизге Туркиядан кантип билим алуу керек жана которулуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды айтып беришти.

Жолугушуу үчүн келип иш тажрыйбалары менен ой бөлүшкөн жана студенттерибиздин мотивацияларын көтөрүп шыктандырган бүтүрүүчүлөрүбүзгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com