2019-жылдын 29-октябрында жогорку мектебибиздин Туризм жана мейманкан иштеттүү программасынын окутуучуларынан Мадина Өзтүрктүн уюштуруусу менен “Тармактык практика” сабагы боюнча 2-курстун студенттери үчүн Кыргызстандагы белгилүү “Фрунзе” ресторанына экскурсия сабагы өткөрүлдү. Ал жактагы тийиштүү өкүлдөр тарбынан ишкана боюнча тааныштырылып жана иш тажрыйбалары жөнүндө студенттерибизге маалымат берилди.

 

 

Университетибиздин байкоочулар кеңешинин башчысы проф. др. Рахми Эр, байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү Йалчын Топчу жана проф.др. Метин Топчуоглу 2019-жылдын 25-октябрында окуу жайыбызга келип жолугушууу уюштуруп ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жогорку мектебибиздин устаканаларын, лабораторияларын, аудиторияларын келип текшерүү учурунда комиссия мүчөлөрү студенттерибиз менен да жолугушуу өткөрүп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мүдүрүбүз Др. Махмут Вурал, окуу жайыбызда окутулуп жаткан программалар жана жогорку мектеп иштери жөнүндө малыматтарды берди.

  Кесиптик жогорку мектебибиздин мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери 2019-жылдын 20-октябрында КР  экс-президенти Роза Отунбаева тарабынан уюштурулган “Вальдорф педагогикасына 100-жыл” атту балдар майрамына катышышты. Студенттерибиз Вальдорф бала бакчасында кол көндүмдөрүнүн өнүктүрүү үчүн толугу менен табигый материалдардан пайдаланып жүндөн килемче, куурчактар жана кичинекей үй буюм-тайымдарын жасоону ошол эле жерден жасого жетишишти.

  2019-жылдын 18-октябрында Кесиптик жогорку мектебибиздин курулуш программасынын 2 курсунун студенттери Курулуш программасынын координатору Др. Гүлмира Ажыгулованын уюштуруусу менен Кегети өрөөнүнө экскурсияга барып келишти. Экскурсиянын негизинде Кыргызстандын жерлеринин кооздугуна жана жерибизди экологиялык жактан сактоонун маанилүүлүгүнө жыйынтык чыкты.

  2019-жылдын 10-октябрында Маркетинг программасынын башчылары тарабынан уюштурулган ориентация  иш-чарасында 1-курстун студенттерине карата баарлашуу өткөрүлүп, университеттибиздин берип жаткан мүмкүнчүлүктөрү жана окуу жайыбыз жөнүндө маалыматтар берилди. Окутуучуларыбыз менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болу менен бирге жылуу бир чөйрөдө ориентация иш-чарасы чай ичүү жана сүрөткө түшүү менен аяктады.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com