2019-жылыдын 23-сентябрында окуу жайыбыздын 2019-2020 окуу жылындагы 1 академиялык жалпы чогулушу өткөрүлдү.

Проректорубуз профессор доктор Хусейин Өгүт агайыбыздын катышуусу менен ишке ашырылган чогулушка кесиптик жогорку мектебибиздин кызматкерлери да катышышты.

Чогулуш, жогорку мектебибиздин мүдурү Др. Махмут Вуралдын 2018-2019 окуу жылындагы жазгы семестринде окуу жайыбызда ишке ашырылган иш чаралар менен азыркы абал о.э. келечектеги пландарга байланыштуу баа берүүлөр менен баштады.

  Университетибиздеги коопсуздук камера системаларын оңдоо-түздөө иштери жогорку мектебибиздин колдоосу менен улантылды. Айрыкча, студенттердин жатаканасы С блок менен түрк дүйнөсү окуу жана маектешүү жайынын камера системасынын проектиси ишке ашырылды.

 

2019-жылдын 13-15 июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Тараз шаарында уюштурулган V  эл аралык түрк дүйнөсүнүн туризм симпозиумуна жогорку мектебибиздин мүдүрү Др. Махмут Вурал, Др. Серхат Атмаса, Др. Гулнара Карадениз, Др. Гулмира Ажыгулова жана студенттер баяндамалары менен катышып келишти.

 

Жогорку мектебибиздин мүдүрү др. Махмут Вурал, мүдүр жардамчысы Серхат Атмаса жана курулуш программасынын мугалими доцент Каданбай Бактыгулов тарабынан 2019-14-майында КР улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун кызмат ордунда жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда кызматташуу боюнча сөздөр талкууланды. Университетибиз жана улуттук банкта иштеп жаткан биздин бүтүрүүчүлөрүбүздү мактап иштерине канааттангандыгы тууралуу айтып берди.  Улуттук банк катары университетибизге ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрүнө да басым жасады. Университетибизге жана кесиптик жогорку мектебибизге семинар берүүгө чакырганыбызда кубануу менен келе тургандыгын айтты.

  Жогорку мектебибиздин окутуучуларындан Др. Серхат Атмажанын демилгеси менен университетибиздин 2010-жылкы Финансы бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү жана Ленин районунун салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Адилет Касымалиев тарабынан 2019-жылыдын 8-майында Бухгалтердик эсеп программасына тиешелүү Кыргызстандагы салык системасы тууралуу семинар өткөрүлдү.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com