Окуу жайыбыздын туризм программасынын ага окутуучусу Мадина Өзтүрк тарабынан “Туристерди коштоп жүрүүнү уюштуруу жана анын технологиялары” аттту практикалык сабактын негизинде 2019-жылдын 13-апрелинде туризм программасынын 1-курстары Токмок шаарынын четинде жайгашкан Бурана мунарасына экскурсияга барып келишти.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер туристерге гид кызматын кандай жүргүзөөрүн тереңирээк өздөштүрө алышты. Экскурсиянын  максаты студенттердин теориялык алган билимин экскурсия учурунда практикалык сабак менен айкалыштыруу болду.

 

Кесиптик жогорку мектептин мүдүрү др. Махмут Вурал жана мүд. жардамчысы др. Серхат Атмажа секторлордогу жолугушулар боюнча Бишкек Парк ишканасынын башкы мүдүрү Уфук Инже мырза менен жолугушууга барышты.

2019-жылдын 12-апрелинде болгон жолугушууда окуу жайыбыз менен Бишкек Парк ишканасы арасында жасала турган иштер талкууланды. Ишкананын мууүрү, Манас университетинин бүгүнкү күндөгү өсүп-өнүгүшүнөн канааттангандыгын айтып, ишканаларда иштеп жаткан университтетибиздин  бүтүрүүчүлөрүнүн жасаган иштерине жана биримдигине ыраазы болуп, мактоого татыктуу экендигинен сөз кылды.

 

Кыргыз-Түрк Манас университтеинин Кесиптик жогорку мектебинде 2019-жылдын 8-апрелинде айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасы уюштурулду.

 “Турган жериңерди бейиш кыла албасаңар бара турган жериңер тозок болоор” урааны менен окуу жайыбыздын кызматкерлери жана студенттери тазалоо иш-чарасына катышышты.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com