“Сенин да бир тиккен багың болсун компаниясы‘’ негизинде 08.04.2019 2019-жылдын 8-апрелинде университтетибиздин кампусунда көчөттөр отургузулду.

Ректорубуз урматтуу проф. Др. Себахаттин Балжы, проректорубуз урматтуу проф. Др. Асылбек Кулмырзаевдин көчөт отургузуу иш-чарасына мүдүрүбүз др. Махмут Вурал дагы бирге катышып келди.

Урматтуу ректорубуз өзүнүн сөзүндө; “Эртен кыямат болоорун билсен дагы колунардагы көчөттү тиккиле-деген хазрети Мухамедтин үммөттү катары муну бир жоопкерчилик жана милдет”-деп түшүнүшүбүз керек деди.

 

 

Түрк стандарттары институтунун инженер-механик боюнча адиси Нихан Көлүк жана Казакстандын электроника жана электро техника боюнча адиси Расим Йылмаз TS EN ISO 9001:2015 Сапатты көзөмөлдөө стандарттары  боюнча көзөмөлдөө планынын алкагында Кыргызстан-Түрк Манас университетине келишти.

2016-жылдын 26-мартында болгон  ректораттын конференция  залында болгон ачылыш жыйынында Нихан Көлүк, бир катар жетекчилер жана сапатты көзөмөлдөө элчилеринен түзүлгөн катышуучуларга баяндама жасады.

 

Кыргыз-Түрк Манас университетинин  Кесиптик жогорку мектебиндеги Авто унааларды тейлөө жана оңдоо бөлүмүнүн   башчысы Мехмет Рүштү Чифтжинин жетекчилиги астында Бишкек Азия Моторс жана Бишкек Тойота  унаа кызмат көрсөтүү фирмалары   менен биргеликте стунденттерибиздин практика  өтөөсү боюнча жана биргеликте иш алып баруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, зыярат учурунда студенттерибиз менен таанышууга келген зыяратчыларыбызга окуу жайыбыздын мүдүрү Др. Махмут Вурал университетибиз жана кесиптик жогорку мектебибиз жөнүндө тааныштыруу маалыматтарын айтуу менен бирге дүйнөлүк бизнесте биргеликте кызматташуунун мааниси чоң экенин басым жасап өттү.

Конокторубуз биз менен жолугушкандыгы үчүн кубанычта экендиктерин билдиришти.

 

Социалдык курулуштар имараты жана ашкана, кафетерия бөлүмүнүн жетекчиси урматтуу Мурат Жолдошов  тарабынан 2019-жылдын 13-февралында “Карьераны пландоо” семинары өткөрүлдү. Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн координатору  ага окутуучу Мухаррем Кайанын чакыруусу боюнча Кесиптик жогорку мектебибизге келген Мурат Жолдошов  студенттерге окуу жайды бүтүргөндөн кийинки ишкер болуунун жолдорун жана иш үстүндө көптөгөн кыйынчылыктарга учуроо тууралуу маалымат берди.

 

Аккредитациялык иштерге байланыштуу семинарда сертификатка ээ болгон кызматкерлерибиз

Др. Кандаңбай Бактыгулов, Др. Гүлнара Карадеңиз,

Др. Гулмира Ажыгулова тарабынан аткарылган жана аткарышыбыз керек болгон иштер тууралуу доклад окулду.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com