Кызматкерлерибизге, “Академиялык маалымат берүү системасына (АВİS)” жаңы кошулган электрондук жоктомо тууралуу студенттик иштер бөлүмүнүн жетекчиси Гүнхан Кайхан тарабынан 31.01.2019 жылында семинар өткөрүлдү.

Жаңы система тууралуу деталдуу маалыматтар берилген  бул семинарга бардык  академиялык кызматкерлерибиз катышып, суроо-жооп аркылуу кызматкерлерибиз  жаңы тажрыйба менен техникалык билимге ээ болушту.

Семинар үчүн студенттер бөлүмүнүн жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

  Ысык-Көл областындыгы Туризм кызматкерлери тарабынан Кесиптик жогорку мектебибизде жолугушуу өткөрүлдү. 2019-жылдын 30-январында өткөрүлгөн  жолугушууда  “Marko Polo” отели жана “Dostuk Tur Seyahat” компаниясынын жетекчилери Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн студенттерине жана бүтүрүүчүлөрүнө Ысык-Көл областында иштеп жаткан ишканалар тууралуу маанилүү маалыматтарды айтып беришти. Айрыкча Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менен бирге иштөөгө дилгир экендиктерин айтышып жана биздин бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн эшиктери ар дайым ачык болоорун айтып кетишти.  

 

Түрк ишкердик жана координациялык агентствосунун (TİKA) Бишкек программасынын координаторлугу тарабынан ачылган кесиптик курстарын бүтүргөндөргө сертифкаттар берилди.  

Кыргыз улуттук китепканасындагы Чыңгыз Айматов атындагы Кыргызстан-Түркия маданият борборунда 2019-жылдын  25-январында уюштурулган салтанатка Түркия Республикасынын Бишкек элчилигинин маданият жана тааныштыруу өкүлү Доц. Др Нури Шимшеклер, Түрк ишкердик жана координациялык агентствосунун Бишкек программасынын координатору Али Муслу, Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин Кесиптик жогорку мектебинин мүдүрү Др. Махмут Вурал, окутуучулар, практиканттар жана басма сөз мүчөлөрү катышты.

 

Кесиптик жогорку мектебибиздин 2018-2019 окуу жылы. 2. Академиялык жалпы жыйыны 2019-жылдын 25-январынды болуп өттү.

Ректорубуз Проф. Др. Себахаттин  Балжы,  проректор Проф.Др.Асылбек Кулмырзаев, Ректор жардамчыбыз Проф. Др. Анварбек Мокеев жана Проф.Др Хусейин Өгүттүн сунуштары менен  жүзөгө ашырылган  жыйынынга жогорку мектебибиздин кызматкерлери катышты.

 

 

2019-жылдын 24-январында ага окутуучу Мухаррем Кайа тарабынан Туризм  жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери менен  “Hayyat Regency” мейманканасында техникалык саякат уюштурулду. Саякат учурунда мейманкананын  кадрларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси мейманкананын бөлүмдөрү тууралуу маалымат берди. Офис жетекчиси болсо ээлөө системасы, ресепшн жана конок  мамилелери жана иштөө чөйрөсү тууралуу иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com