2018-жылдын 19-декабрын “TİKA” Түрк ишкердик жана координациялык агентствосунун Кыргызстандагы координатору урматтуу Али Муслу Кесиптик жогорку мектебибизде “Ишкердүүлүк жана Маркетинг темасындагы семинар өткөрүп студенттерибиз менен иш тажрыйбаларын бөлүштү.

Айрыкча семинарда  “ТИКА” тууралуу жалпы маалыматтарды берүү менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгандан берки көрсөтүлгөн кызматтары жөнүндө да айтып берди.

Урматтуу  Муслу мырзанын сөзүндө “Түркия Республикасынын башка мамлекеттерде ачылган жардамчы колу катары ТИКА саналарын айтып өттү. “Бир тууган өлкө Кыргызстан менен бирге болгонго аракет кылабыз. Бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп Кыргызстан тууралуу 800 долбоорго кол коюлду. Бул долбоорлор бир туугандыктын белгиси болуп саналат”-деген түшүндүрүүнү айтты. Семинардын аягында “TİKA” Кыргызстандагы координатору Урматтуу Али Муслуга Кесиптик жогорку мектебибиздин атынан мүдүрүбүз Др.Махмут Вурал тарабынан ыраазычылык баракчасы ыйгарылды. Программанын аягында бардык семинарга катышкан студенттерибиз менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

ТИКА тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн бул жерди басыныз....

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com