Жогоркумектебибиз 2019-2020 окуужылында 2- академиялык жалпы жыйынын 22-июнда онлайн түрүндө ишке ашырдык. Ректорубуз профессор доктор Себахаттин Балжы жана ректордун жардамчысы профессор доктор Анвар Мокеевдин катышуусу менен ишке ашырылган жыйынга кесиптик жогорку мектебибиздин кызматкерлери толук катышышты.

Жыйын, жогорку мектебибиздин мүдүрү, доценттин милдетин аткаруучу Махмут Вуралдын 2019-2020 окуу жылынын күзгү семестринде жогорку мектебибиз тарабынан ишке ашырылган иш-чаралар, дистанттык билим берүүдөгү абал жана келээрки семестрдин пландары менен байланыштуу презентациясы менен башталды.

Дистанттык билим берүүдөгү ийгилиги жана учурдагы кырдаалга эч кандай көйгөйсүз ылайыкташкандыгы үчүн академиялык жамаатыбызды куттуктап, Ректорубуз; Биздин директор, доценттин милдетин аткаруучу Махмут Вуралга ал ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, Ковид-19 пандемиясынан тез арада өлкөлөрүбүз жана жалпы адамзат эртерээк кутулушун каалап, бул абалга байланыштуу иш-чараларды кынтыксыз аткаруунун жана бул маселеге аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 
JSN Mico is designed by JoomlaShine.com