Жаңы ачылган программалардын бири болгон Ширетүү өндүрүшү жана Жыгач иштетүүнун технологиясы, эмерек дизайны жана конструкциялоо программаларынын даярдоо курсундагы студенттерибиздин мотивациясын жогорулатуу жана программаларыбыз жөнүндө кененирээк маалымат берүү максатында биздин жогорку мектеп 2020-жылдын 18-июнунда онлайн жолугушуу өткөрдү.

Биздин директор, доценттин милдетин аткаруучу Махмут ВУРАЛ окуу жайыбыз жана ага байланыштуу программалар жөнүндө студенттерге жалпы маалымат берди.

Университетибиздин мурунку проректору жана биздин жогорку мектебибиздин улуу окутуучуларынын бири жана азыр Т. С. Селчук университетинин профессору, техника илимдеринин доктору Хүсейин Өгүт агайыбыз да жыйналышка катышып, студенттерибиз окууну бүтүргөндөн кийин иш менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү программалардын маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, Түркиядагы тиешелүү тармактардагы таанымал мекемелерден жана уюмдардан студенттерибизге практикадан өтүү ж.б. маселелер боюнча бардык колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыгач иштетүүнун технологиясы, эмерек дизайны жана конструкциялоо программасынын ага окутуучусу Мустафа Өжал студенттерибизге TIKA тарабынан биздин окуу жайга белек кылынган жаңы мастерскойлорду жана жаңы машиналарды онлайн турундо көрсөттү. Мындан тышкары, ал тиешелүү программаларда билим алышса, кандай натыйжалар болушу мүмкүн экендигин визуалдык сүрөттөр менен тааныштырды.

 
JSN Mico is designed by JoomlaShine.com