Бүткүл дүйнөнү каптап Кыргызстанга да жайылган Ковид-19 пандемиясынан улам биздин университет 2020-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана университеттин окумуштуулар кеңешинин чечимименен дистанттык билим берүүнү баштады.

Директорубуз, доценттин милдетин аткаруучу Махмут ВУРАЛ агай да биздин университетке жана аралыктан билим берүүдө кесиптик жогорку мектебибизге чоң салым кошту. Сабактарды кантип өткөрүү жана сактоо, студенттер менен документтерди бөлүшүү, сынактарды аралыктан билим берүү аркылуу онлайн режиминде өткөрүүж.б. бул сабактар боюнча университетибиздин академиялык кызматкерлерине 15ке жакын семинарларды өткөрүп, түрк жана кыргыз тилдеринде тарткан 50гө жакын билим берүүчү видео тасмаларды бөлүштү.

Университетибиздин жана колледжибиздин кызматкерлери технологияны натыйжалуу колдонуп, билим берүү жана башка жумуштарын үзгүлтүксүз уланта беришти.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com