2020-жылдын 16-октябрында, өндүрүштүк практика сабагынын алкагында, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (TİKA) Кыргызстан-Бишкек программасынын координатору Осман Уста тарабынан Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы, Мектепке чейинки балдарга билим берүү, Бухгалтердик эсеп, Маркетинг, Туризм жана мейманкана иштеттүү программаларынын студенттери үчүн онлайн семинар өткөрүлдү.

Урматтуу координаторубуз, уюштурулган семинарда ТККАнын түптөлүшүнүн негизги максаты, миссиясы ошондой эле Кыргызстанга кызмат көрсөтүүлөрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип өттү. Университетибиздин жана аларда иштеген биздин бүтүрүүчүлөрүбуздү мактап, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, ал ТККАнын Кыргызстандагы Программасынын Координатору катары мындан ары дагы биздин университетке ар тараптуу колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирди.Семинарыбыз абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, студенттерибиздин суроолору менен уланды, андан соң биздин директорубуз доценттин м.а. Махмут Вурал Осман мырзага ыраазычылык барагын тапшыруу менен онлайн семинарыбыз аягына чыкты.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com