2021-жылдын 24-майында Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган программа боюнча Кесиптик жогорку мектебибиздин Даярдоо курсунда окуган студенттерибиз менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Программанын модератору кыргыз тили координаторунан Аскатбек Мамадиев болду.

ЖолугушуудаЧет тилдер жогорку мектебинин директору доцент Дженгиз Буяр жана биздин окуу жайдын директору Доценттин м.а.Махмут Вурал куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кесиптик жогорку мектебибиз жөнүндө жалпы маалымат берди. Андан соң окуу жайыбыздын социалдык программалар жана техникалык программалар бөлүмдөрүнүн программа башчылары тарабынан кезек-кезеги менен өздөрүнүн бөлүмүн тааныштыруу презентациясы сунулду. Программанын максаттары, окутулган лекциялар, диплом алгандан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү процессиндеги коомдук иш-чаралар жөнүндө сөз болду. Семинардын аягында студенттердин суроолоруна жооп берилди. Онлайн семинар каалоо-тилектер менен аяктады.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com