Офис менеджмент жана жетекчинин ассистенти программасынын даярдоо курусунун студенттери, бүтүрүүчүлөрүбүз, II-курс жана I-курстун студенттеринин катышуусу менен 05/11/2010 күнү бир жылуу жолугушуу болду. Даярдоо курусунун студенттерине, бүтүрүүчүлөрүбүз жана башка студенттерибиз тарабынан даярдалган, башында университтетибиз жөнүндө, андан кийин кесиптик жогорку мектебибиз жана Офис менеджмент жана жетекчинин ассистенти программасы тууралуу маалыматтар айтылды. Даярдоо курсунун студенттерин кызыктырган жана жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп берүүгө аракет кылынган иш-чараларыбыз, даярдоо курусунун студенттерин кесиптик жогорку мектебибизге чакыруу менен аякталды.

 

Чет тилдер жогорку мектебинин жамаатына, баардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана студенттерибизге бул жолугушууга бизге жасаган көмөгү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com