Кесиптик жогорку мектебибиздин расмий веб сайтына кирген көрүүчүлөрдүн саны 2019-жылында 709.256 кишиге жетти. Америка жана Россия баш болгон дүйнөнүн ар тарабынан сайтыбызга кирип каралган 31.12.2019 жылдан берки статистикалык маалыматтары берилди.

 

Кесиптик жогорку мектебибиздин туризм жана мейманкана иштетүү программасынын башчысы ага окутуучу Мухаррем Кайанын кайтыш болгондугун терең кайгыруу менен угуп отурабыз. Академиялык жана административдик иштери менен бирге эле адамкерчилиги менен да көңүлүбүзгө из калтырган агайыбыздын ордун бейиштин төрүнөн берсин жана үй-бүлөсү менен жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.....

Кесиптик жогорку мектеп жамааты.

 

2019-жылдын 21-февралында Анталиянын Кемер районунда иш берген Ulusoy Kemer Holiday Club мейманканасынын кадрларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Өзгүн Өзкан Кесиптик жогорку мектебибизе иш сапары менен келди.

2018-жылдын жайкы практика сабагында Кесиптик жогорку мектебибиз менен болгон кызматташуу жемиштүү жана ийгиликтүү болгон жыйынтыктарга ыраазы экендигин айтышты. Бул иш убактысында колдоо көрсөткөн  жетекчибиз Др. Махмут Вурал жана практика сабагы боюнча жооптуу ага окутуучу Мухаррем Кайага Ulusoy Kemer Holiday Club мейманканасынын атынан кичинекей белек берилди.

 

19.02.2019 жылында  Кесиптик жогорку мектебибиздин кызматкерлери Самат Урманбетов менен Нурзада Абышеванын ушул күнгө чейин кесиптик жогорку мектебибизге жасаган иштеринен улам Др. Махмут Вурал тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Айрыкча, Кесиптик жогорку мектебибиздин техникалык программалар бөлүмүнүн  автоуналарды тейлөө жана ондоо пограммасынын координатору Мехмет Рүштү Чифтчиге кесиптик жогорку мектебибиздин спорт иштери боюнча  ийгиликтерин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди жана жетекчибиз  тарабынан университетибиздин спорт кийими белекке берилди.                                    

Моралдык жана мотивациялык багытты жогорулатуу максатында берилген ыраазычылык кагазын алган кызматкерлерибиз да ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Жогорку Мектебибиздин Экономика жана башкаруу программалар бөлүмүнүн Бухгалтердик эсеп программасынын окутуучусу  Др. Серхат Атмажа 2019-жылдын 7-февралында  Кесиптик жогорку мектебибиздин мүдүр жардамчысы болуп дайындалды. Аны куттуктоо менен биргеликте жаңы кызматына ийгиликтерди каалайбыз.

Кесиптик жогорку мектеп жамааты.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com