Зыярат учурунда жаңы салына турган автоуналарды тейлөө жана оңдоо лабораториясына алына турган билим берүүчү унаа жабдыктары боюнча маалымат берилди. Ошондой  эле, айрыкча коопсуздук камера системалары жана окуу жайыбызда жасалып жаткан учурдагы иштерден  сөз козголду.

 

Окуу жайыбызга караштуу “Балдарды тарбиялоо борборунун” (Бала бакча) коопсуздугу эң жогорку деңгээлде коргоого алынды.

Тункүсүн көрүнө турган тышкы камерадан 5 өө жана түнкүсүн көрүнө турган ички камерадан 3 өө менен жалпы 8 даана болгон бул камералардын жардамы менен7/24 түнкү/кундүзгү запись алынат. Кыймылга каршы кабыл ала турган бул камералар, балдардын уктоочу бөлмөсүнө, коридорлорго, кирүүчу жана чыгуучу эшиктерге орнотулду. Смартфон, интернет ж.б. технологиялык каражаттар аркылуу камералар корүнө тургандай болду.

Бакчанын суурулуп ачылма эшигине видео-домофон коюлуп коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү мурункудан да жогорку деңгээлге жетти.

 

Ректор жардамчысы проф. докт. Махмут Изжилер агайыбыз менен бирге декандардан тузулгон коммисиялар, 2013-жылдын 20 сентябрында окуу жайыбызга расмий зыярат үчун келип кетишти.

Окуу жайыбызда болгон агайларыбыз курулуш программасынын коридорундагы аба өткөрү жана кундун жарыгы менен жарык берилүүчү жаңы курулган пирамиданы абдан жакшы болгондугун айтышты.

 

21-июнда университетибиз тарабынан даярдалган бүтүрүү кечесин, окуу жайыбыздын баардык бүтүрүүчүлөрү чогулушуп толкундануу жана кубаныч менен куттукташты.

Ушундай бир күндү көксөө менен кутуп келген бүтүрүүчүлөрүбүз окутуучуларына таасирленүүчү бир сезим калтырышты. Эстелик үчун сурөткө түшүштү, ар кандай жакшы тилек каалоолорду айтышты. Ушундай бир көңүл көтөрүү менен бирге эле; окуу жайыбыздан айрылып кете тургандыктарына кайгырып турган бүтурүүчүлөрүбүздүн жолдору ар дайым ачык болушуна чын журоктон тилектешпиз.

    Университетибиз менен Кыргызстан жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министирлиги арасында түзүлгөн макулдашуулардын негизинде  ишке ашырылган САЖУКАД (сапатту жумушчу кадрларды даярдоо долбоору) боюнча Кесиптик жогорку мектептин мүдүрү доц. м.а., Бүлент Байрактарга Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча министири урматтуу Алымкулов Алийазбек Төлбашович “Мактоо баракчасын” тапшырды.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com