2012-жылдын 5-апрелинде бейшемби күнү ТИКА башчысынын жардамчысы Мехмет Сүреййа Эр, ТИКАнын Кыргзстандагыпрограмма координатору Өмер Кожоман, ТИКА өкүлү Хакан Эргүн жана алар менен бирге ректорубуз проф.докт., Себахаттин Балжы жана Ректор жардамчысы проф.докт., Махмут Изжилер Кесиптик  жогорку мектебибизде болуп кайтышты.

2009-2010 билим берүү жылында Офис менеджмент жана жетекчинин ассистенти программасынын бүтүрүүчүсү Рушана Базарбаева Туркиянын Анталиа аймагындагы туризм тармагында “ Attaleia” отелинде  (www.attaleia.com) алдынкы офис кызматкери болуп иштөөдө. Мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебиндеги Офис менеджмент жана жетекчинин ассистенти программасы 2009-2010 окуу жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн кээ бирлери университтетибиздин бакалавр программаларына түздөн-түз өтүү укутарына ээ болушуп, кээ бирлери Кыргызстанда ошондой эле Түркияда жана Россияда иштеп жатышат. Технологиянын заманбап мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүтүрүүчүлөрүбүз менен такай байланып турабыз.

JSN Mico is designed by JoomlaShine.com