Лабораториялык иштер


Бөлүм2.ЭЛЕКТР ЖАНА МАГНЕТИЗМ

№2 Лабораториялык иш
Керектөөчүлөрдү жана ток булактарын өз ара туташтыруу түрлөрү

Башкы бет Киришүү Бөлүм 1.Механика жана термодинамика №1 Электр чынжырын чогултууга арналган тажрыйба тактасы. Резистордун каршылыгын түстүү маркерлөө боюнча аныктоо №3 Электр тогу. Чынжырдын бөлүгү үчүн Омдун закону №4 Кирхгофтун эрежелери №5 Конденсаторлор №6 Өзгөрмөлүү ток №7 Диоддор №8 Транзисторлор №9 Трансформаторлор

Керектөөчүлөрдү жана ток булактарын өз ара туташтыруу түрлөрү

 

 

Жабдуулар:

     - тажрыйба тактасы;

                    - эки батарея;

                     - туташтыруучу зымдар;

                     - миллиметрдик кагаз.

 

Максат:     

1.    Лампалардын жаркырактыктарынын лампалардын өз ара туташтыруу     

      түрүнөн болгон көз карандылыгын тажрыйбада байкоо.

2.    Лампалардын жаркырактыктарынын ток булактарынын өз ара

      туташтыруу  түрүнөн  болгон көз карандылыгын тажрыйбада байкоо.

 

Электр чынжырларынын курамы. Ток булагы  (батарея, генератор ж.б.)  электр чынжырын энергия менен камсыздайт.  Электр кыймылдаткычтары, лампа, жылыткыч, үтүк жана башка ушул сыяктуу приборлор электр энергиясын кабыл алуучулар же керектөөчүлөр  деп аталат. Ток булагы менен керектөөчүлөр өз ара  өткөргүчтөр аркылуу бириктирилет.  Керектөөчүгө ток булагын кошуу же андан ажыратуу үчүн туюктоочу жана ажыратуучу түзүлүштөр колдонулат. Мындай түзүлүштөр ачкыч деп аталат. 

Өткөргүчтөр аркылуу өз ара бириктирилген ток булагы, керектөөчү жана ачкыч эң жөнөкөй электр чынжырын түзүшөт.

         Керектөөчүлөрдү өз ара туташтыруу түрлөрү. Практикада кездешүүчү электрдик чынжырлар адатта бир эле керектөөчүдөн эмес, бир-бири менен түрдүүчө туташтырылган бир нече керектөөчүдөн турат.

         Өз ара туташтыруунун үч түрү бар: удаалаш, жарыш (параллель)  жана аралаш. Эгерде чынжырдын биринчи керектөөчүгө кийинки керектөөчүнүн башы, б.а. бардык керектөөчүлөр бири-бирине кезек-кезеги менен туташтырылса, анда ал  чынжыр удаалаш болот (2.1–сүрөт). Удаалаш туташтырууда электр чынжыры тармактарга бөлүнбөйт. Өз  ара удаалаш туташтырылган керектөөчүлөрдүн бири иштен чыкса (иштебей калса), чынжырдын бардык бөлүктөрүндө ток үзүлөт.

 

         Эгерде бардык керектөөчүлөрдүн бир учу А чекитине, ал эми экинчи учтары В чекитине туташтырылса, анда мындай туташтыруу жарыш туташтыруу деп аталат (2.2–сүрөт). Экиден ашык өткөргүч бириккен чекит түйүн деп аталат. Эки түйүндүн ортосунда өз ара жарыш туташтырылган өткөргүчтөр тармактанууну түзүшүп, алардын ар бири өз алдынча бутак деп аталат.

 

 

Эгерде жарыш туташтырылган өткөргүчтөрдүн бири иштен чыкса, калгандары андан көз карандысыз иштей беришет, б.а. чынжырдын калган бөлүгүндө ток үзүлбөйт. Жарыш туташтыруу электр энергиясын керектөөчүлөрдү бириктирүүнүн өтө кеңири таралган жолу болуп саналат. Бул учурда чынжырдагы бир прибордун иштебей калышы, калгандарынын иштешине таасирин тийгизбейт.

         Эгерде керектөөчүлөрдүн бир бөлүгү удаалаш, ал эми бир бөлүгү жарыш туташтырылса, мындай туташтыруу аралаш туташтыруу деп аталат.

 

 

         Ток булактарын өз ара туташтыруу түрлөрү. Ток булактарын өз ара туташтыруунун 3 түрү бар: удаалаш, жарыш жана аралаш. Эгерде ток булактарынын бирисинин оң уюлу менен кийинкисинин терс уюлу туташтырылса, мындай туташтыруу удаалаш туташтыруу деп аталат. Ток булактарын удаалаш туташтыруу сырткы чынжырдагы чыңалууну жогорулатуу керек болгон учурда колдонулат.

         Эгерде ток булактарынын бирисинин оң уюлу менен кийинкисинин оң уюлу, терс уюлу менен терс уюлу туташтырылса, мындай туташтыруу жарыш туташтыруу деп аталат. Ток булактарын жарыш туташтыруу сырткы чынжырдагы чыңалууну өзгөртпөй туруп, ток күчүн жогорулатуу керек болгон учурда колдонулат.

         Өз ара удаалаш жана жарыш туташтырылган ток булактардын группаларынан турган туташтыруу аралаш туташтыруу деп аталат.